• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстандын аймактарында 29 турак жай комплекси курулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Өзбекстанда турак жайга суроо-талап жогору болгон район жана шаарлардын борборлоруна жакын тилкелерге "Жаңы Өзбекстан" деп аталган 29 турак жай комплекси курулат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 9-декабрда кол койду.

Жарлыкка ылайык, аталган турак жай комплекстеринде 619 көп кабаттуу үй (21 321 батир), 18 мектеп, 24 бала бакча жана 15 медициналык мекеме курулат. Бул үчүн жалпысынан айыл чарба багытындагы аз кирешелүү 489 гектар жер тилкеси бөлүнөт.

Президент Мирзиёев 2-ноябрдагы видеоконференцияда "Жаңы Өзбекстан" комплекстери жөнүндө айтып, бул долбоор ишке ашырылгандан кийин 250 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болорун билдирген.

Маалыматтарга караганда, кийинки жылы "Жаңы Өзбекстан" комплекстеринин курулушуна 15 триллион сум (14 миллиард долларга жакын) бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий