• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Өзбекстандын Бухара театры быйылкы сезонун Султан Раевдин драмасы менен ачты

Маданият 0

Ташкент, 18.09.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандагы эң байыркы театрлардан бири – Бухара драма театры быйылкы театр сезонун белгилүү кыргыз жазуучусу жана драматург Султан Раевдин "Овсар" ("Маң") аттуу драмасы менен ачты, деп билдирет өлкөнүн Маданият министрлиги.

Маалыматка караганда, спектаклди өзбек театр өнөрүндөгү өзгөчө дүйнө таанымы, көз карашы, театралдык стили менен айырмаланган режиссер Лазиз Наврузов сахналаштырган. Ал спектаклдин философиялык, психологиялык өзгөчөлүгүн, ички карама-каршылыгын, контрасттарын кылдат алып чыккан.

Эскерте кетсек, учурда Өзбекстандагы бир нече театрларда С.Раевдин "Топон", "Ханышанын көз жашы", "Илегилек", "Барсбек" жана башка драмалары коюлууда.

Пикир

Оставить комментарий