• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Өзбекстандын Илимдер академиясынын жаңы президенти шайланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 17.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Илимдер академиясынын президентин шайлоого арналган чогулуш болду, деп билдирет Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги.

Анда жарыш сөзгө чыккан академиктер учурдагы илимдин алдында турган бир катар олуттуу көйгөйлөрдү белгилешти. Жыйындын катышуучулары Өзбекстандын Илимдер академиясынын президенттигине академик Шавкат Аюповдун талапкерлигин да колдошту.

Академик Шавкат Аюпов бир добуштан республиканын Илимдер академиясынын президенти болуп шайланды.

Эскерте кетсек, Шавкат Аюпов – физика-математика илимдеринин доктору, Илимдер академиясынын Математика институтунун директору. Ал Олий Мажлис Сенатынын мүчөсү. 2021-жылы Ш.Аюповго "Өзбекстандын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий