• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Өзбекстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-августта, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Өзбекстандын премьер-министрин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Абдулла Арипов Кыргызстанга 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышуу үчүн келди.

Пикир

Оставить комментарий