Бишкек, 05.11.24. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди.
Өзбекстандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышуу үчүн келди.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.
Пикир
Оставить комментарий