Ташкент, 29-март /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Өзбекстандын парламентинин Сенаты (жогорку палатасы) кечээ Россия менен аскер-техникалык кызматташтыкты (АТК) өнүктүрүү тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамды жактырды.
Талкуунун жүрүшүндө отурумдун катышуучулары Россия Федерациясы Өзбекстандын негизги, анын ичинде аскер-техникалык чөйрөдө өнөктөштөрүнүн бири болгон жана ошол бойдон калат деп белгилешти.
РФ менен Өзбекстандын ортосундагы АТК тууралуу келишимге 2016-жылы ноябрда Москвада кол коюлган.
Пикир
Оставить комментарий