• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстанга "Спутник V" вакцинасынын дагы 90 миң дозасы жеткирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. 15-июлга караган түнү Ташкентке Россиядан "Спутник V" вакцинасынын биринчи компонентинин 70 миң дозасы, экинчи компонентинин 20 миң дозасы жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Россиядан Өзбекстанга вакциналардын алгачкы партиясы (100 000 доза) быйыл апрелде жеткирилген. Андан соң июнда 140 миң, 5-июлда дагы 40 миң доза келген.

Муну менен Өзбекстанда "Спутник V" вакцинасынын жалпы запасы 370 миң дозага жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө вакцинанын жалпы запасы 7 миллион 530 миң дозаны түзөт. Алардын ичинен 660 миң доза британиялык AstraZeneca жана 6,5 миллион доза өзбек-кытай өндүрүшүндөгү ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы.

Пикир

Оставить комментарий