• 84.2
  • 92.94
  • 0.93

Өзгөчө абал: Ошто коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саатты бузган 9 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, бир суткада Ош облусунда коомдук-саясий абал туруктуу болду.

"Ошто коменданттык сааттын эрежесин бузган 9 жаран райондук ички иштер башкармалыгына жана комендатурага алынып келинген. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протокол түзүлдү. Ал эми бир суткада облуста оор кылмыш иши катталган жок", - дейт Нурдинов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавирус жуктурган жаңы 5 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 116га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий