• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөчө абал режимин бузган Жалал-Абад шаарында 10, Сузак районунда 27 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда учурда жалпысынан – 40тан ашуун санитардык-карантиндик посттор иштеп, анда күнү-түнү укук коргоо органдарынын, аскер кызматтарынын, санитардык-дезинфекция кызматтарынын кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте элдин саламаттыгы үчүн кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-мартынан тарта киргизилген коменданттык саат учурунда (20-00дөн 07.00 чейин) талаптарды бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн Сузак районунан 27 жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 10 адам кармалып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн шаардык жана райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилген.

Аталган адамдарга карата “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык коменданттык саатты бузгандыгы үчүн протоколдор толтурулуп, ШРИИБде коменданттык саат бүткүчө кармалып, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн.

Ошондой эле, Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан - 21 жаран ден-соолугуна байланыштуу, андан сырткары жалпы – 123 (36 жүк ташуучу) автоунаа текшерилип, КРнын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлдү.

Белгилей кетүүчү жагдай, блок-посттордон өтүү үчүн жарандардан келип түшкөн арыздар коменданттын штабы тарабынан ирээти менен өз нугунда каралып, өзгөчө зарылдыгы бар багыттарга уруксат кагаздары (пропуск) бериле баштады.

Пикир

Оставить комментарий