Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал тартибинде камсыздандыруу төлөмдөрүнүн коюлган тарифтерин төмөндөтүү каралган эмес. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө абал тартибинде камсыздандыруу төлөмдөрүнүн коюлган тарифтерин бир дагы категорияда төмөндөтүү каралган эмес. “Төмөндөтүү тууралуу маселе 2018-жылдын декабрында көтөрүлгөн. 2019-жылы бул маселени карап жана иликтеген жумушчу топ түзүлгөн. Бул топко бизнес өкүлдөрү, ЖК депутаттары, президенттин, өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү кирген. Жумушчу топ 2019-жылдын ичинде камсыздандыруу төлөмдөрүнүн коюлган тарифтерин төмөндөтүү боюнча маселенин үстүндө иштеген. Бүгүнкү күндө анын жыйынтыгы боюнча аналитикалык билдирүү жазылып өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн.
“Белгилеп кетүү керек, белгилүү бир категорияга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төмөндөшү Социалдык фонддун бюджетинде жоготууга алып келет. Бул жоготуулардын ордун жабуу булактары болгондо гана аталган маселе каралышы мүмкүн”, - деп кошумчалады Ирсалиев.
Пикир
Оставить комментарий