Өзгөчө кырдаал киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар кадимки тартипте иштейт

Коом 0


Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, калкка ыңгайлуулук түзүү үчүн мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштейт. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, "Кыргыз почтасы при" мамлекеттик ишканасы, калкты тейлөө борборлору (КТБлар) график боюнча иштейт: дүйшөмбү-жума – саат 09:00дөн 18:00гө чейин.

Кичи-калкты тейлөө борборлору - шейшемби-жекшемби күндөрү - саат 10:00дөн 19:00гө чейин.

“Унаа” мамлекеттик ишканасы (авто-КТБ) дүйшөмбү-жума күндөрү - саат 09:00дөн 17:00гө чейин.

Ал эми "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы улуу курактагы кызматкерлерге өргүү күндөрүн берүүнү пландап жатат.

Ар бир мекемеде күн сайын санитардык тазалоо жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, 22-марттан тартып республикада өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алган 14 учур аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий