Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эл аралык уюмдардан тарабынан 9 млн сомдук гуманитардык жардам (жеке коргонуучу каражаттар, хлор ж.б.) көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.
"Бир эле чет мамлекеттерден эмес, Кыргызстандагы жеке менчик ишканалар, жарандар, мамлекеттик мекемелер тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардамдар берилүүдө: 3 миң коргоочу костюм, 50 миң беткап, 8 миң колкап, 900 коргоочу көз айнек, 135 термометр ж.б. келди", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий