Бишкек, 26.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишканалары быйыл 113 млн сом пайда менен чыкты. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдан тарта министрликтин карамагындагы ишканалардын өндүрүштүк курулуш системасы жандандырылып, жигердүү иштей баштаган.
“Мисалы токтоп калган Жалал-Абад, Баткен курулуш мекемелерин жандандырдык. Авиацияны жандандырдык. Анын натыйжасында биз карыздардан кутулдук. 2021-жылы 8 млн сом, 2022-жылы 36 млн сом, 2023-жылы 74 млн сом, ал эми 2024-жылы биздин ишканалар мамлекетке көмөк көрсөткөндөн сырткары 113 млн сом киреше менен чыгышты”, - деди министр.
Пикир
Оставить комментарий