• 87
  • 89.77
  • 0.79

Өзгөн айланма жолу салынып бүттү. Жакында колдонууга берилет

Аймак 0


Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жолдун курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол жакында колдонууга берилет. Аталган жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Ошондой эле жолго 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Учурда айдоочулар үчүн төлөм пунктун орнотуу иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, ал Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Жаңы жол пайдаланууга берилсе, Бишкек-Ош каттамындагы айдоочулар Өзгөн шаарына кирбей, айланма жол аркылуу каттап, тыгын бир топ азаят жана жол коопсуздугу жакшырат.

Пикир

Оставить комментарий