• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Өзгөн районуна 14 кызматтык унаа тапшырылды – аким

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына жана айыл өкмөттөрүнө 14 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөн районунун башчысы Каныбек Апбазов аталган унаалардын ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн районунда 12 айыл өкмөтү, бир шаар бар жана бул унаалар айыл өкмөт башчыларына, Өзгөн шаарынын мэрине жана райондук мамлекеттик администрацияга берилет.

“Чындыгында буга чейин айыл өкмөт башчыларынын кызматтык унааларынын абалы начар болчу. Бул унаалар мамлекеттик тапшырмаларды ыкчам аткарууга жакшы шарт түзөт деп турабыз. 300 миңге жакын калкы бар Өзгөн районунда административдик-аймактык реформага чейин 19 айыл өкмөт, бир шаар болсо, реформадан кийин 12 айыл өкмөт, бир шаар болуп, 7 айыл өкмөтү кыскарган. Президенттин жарлыгынын негизинде министрлер кабинетинин төрагасынын чечими менен учурда Өзгөн району пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын экинчи этабына өтүп жатат. Пилоттук долбоордун алкагында эң биринчилерден болуп кызматтык автоунаалар берилди. Пилоттук долбоорго киргизүүнүн максаты жеринде элдин көйгөйлөрүн ыкчам чечүү аракеттерин байкоо. Буга чейин райондук түзүмдүк бөлүмдүн беш гана жетекчисин аким дайындап, жумушка коюп келсе, азыр толугу менен райондогу мекеме-уюмдардын жетекчилерин дайындоо акимге жүктөлөт. Бул биз үчүн чоң жоопкерчилик”, - деди Апбазов.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 5-ноябрындагы жарлыгына ылайык, өкмөттүн токтому даярдалып, Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландары бекитилген. Анын негизинде Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда өзгөчө пилоттук долбоор башталып, министрликтердин жана ведомстволордун бөлүмдөрү, өкүлчүлүктөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий