• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өзгөн районунун Алга айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Октябрь айынын алгачкы күндөрү Өзгөн районунун Алга айылында 150 орундуу К.Ботобеков атындагы мектебинин курулушу аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата мектептин курулуш жумуштары бүткөрүлдү.

"Откананын, резервуардын, септиктин, тегерете тосмолордун жумуштары аягына чыкты, ошондой эле тегерек чекесин жыйнап, асфальтоо иштери жүрүүдө", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий