• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөн районунун Архитектура башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Архитектура башкармалыгына Акылбек Салиев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти

Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек уулу Азамат тааныштырды.

Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан Салиевке райондун курулуш чөйрөсүн ирээтке келтирүү, аймактын инфраструктурасынын жакшырышына изденүү менен талыкпай кызмат кылуу тапшырмасы коюлган.

Пикир

Оставить комментарий