Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол тыгынын азайтуу максатында курулуп жаткан жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт. Жол эки тараптуу 4 катар болот. Анда Кара-Дарыянын үстүнөн өткөн 200 метрлик көпүрө жана Жазы дарыясынын үстүнөн 97 метрлик көпүрө курулууда. Жолдун 8 кечилишине туннель аркылуу өтүүчү жол курулуп, светофор коюлбайт. Азыркы учурда 300 жумушчу жана 112 техника иштеп жатат.
Сүрөттү тарткан Исхак Туратбеков
Пикир
Оставить комментарий