• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Өзгөндө 17 жаштагы кыздын атасы тарабынан зордукталганы айтылууда

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылында 17 жаштагы кыздын атасы тарабынан зордукталганы айтылууда. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Кош-Коргон айылынын тургуну 45 жаштагы С.М. арыз менен кайрылып, анда 2021-жылдын 19-апрель күнү болжол менен саат 22:00 чамасында жээни ошол айылдын тургуну 17 жаштагы С. кызы М.ны 45 жаштагы атасы В.С. кыздын алсыз абалынан пайдаланып зордуктап койгондугун көрсөткөн.

Аталган факт Өзгөн РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сурак берүүнүн жүрүшүндө жаш өспүрүм 2021-жылдын 19-апрелинде болжол менен саат 22:00 чамасында каршылык көрсөткөнүнө карабастан атасы тарабынан зордукталганын айткан.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү С.В.нын өзүнүн көрсөтмөсүндө кызынын айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирген. Кыздын апасы Россияда иштейт.

С. кызы М.га карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алгачкы текшерүүдө анын кыз белгиси бузулбагандыгы аныкталган. Ошондой болсо да бүдѳмүк ойлор пайда болбошу үчүн кошумча экспертиза дайындалган. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен окуянын чоо-жайы такталат. Ар тараптуу иликтѳѳ максатында жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү С.В.нын өзүнүн көрсөтмөсүндө кызынын айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирген. Ар тараптуу иликтѳѳ максатында жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий