• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөндө 44 жаштагы киши айылдашын бычактап, мамыга байлап койгон

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Өзгөндө 44 жаштагы киши айылдашын бычактап, мамыга байлап койгон. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрда саат 00:30 чамасында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат түшүп, каттоого алынган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып төмөндөгүлөрдү аныктаган.

Ошентип, 13-ноябрда саат 22:00 чамасында Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну өзү жашаган үйүнө ошол айылдын тургуну, 44 жаштагы Э.Т.ны чакырып, үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада К.Ш. бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамычага жип менен байлап койгон.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге милициянын аймактык тескөөчүлөр жетип келип, жабырлануучуга тез жардам кызматын чакырып, биринчи медициналык тез жардамын көрсөтүшкөн.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Ден-соолукка оор залал келтирүү") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургун кармалып, камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий