• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Өзгөндө ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Өзгөндө ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы май айында Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын жашоочусу 1987-жылы туулган Н. О. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен бирге ээн талаадан ушул эле райондун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жашоочусу 1995-жылы туулган З.уулу Б. жана анын бир тууган иниси 1997-жылы туулган З.уулу Б.ны өз ара пикир келишпестиктен улам аёсуз сабашкан. Натыйжада, 1995-жылы туулган З.уулу Б. денесинен оор жаракат алган.

Аталган факты боюнча жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышып, анын негизинде Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү Н. О.го издөө жарыяланган.

Тергөө тапшырмасынын негизинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлерине ыкчам иш-чараларды жүргүзө башташкан. Натыйжада 2024-жылдын 14-август күнү саат 06:00 чамаларында жогорудагы кылмышка тиешеси бар издөөдө жүргөн жаран 1987-жылы туулган Н.О. кармалды.

ИИМдин маалыматы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болот.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий