• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Өзгөндө эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата заманбап спорт комплекси ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шералы айылында АРИСтин колдоосу менен заманбап спорт комплексинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Өзгөн районунун аким Мурат Раматов, АРИСтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган спорт комплекстин курулушу 2020-жылы башталып, 12 млн 875 миң сом акча каражаты сарпталган

Спорт комплекси эл аралык мелдештерди өткөрүүгө ыңгайлаштырылган. Учурда 150дөн ашуун жергиликтүү тургундар волейбол, баскетбол, футбол, эркин күрөш жана башка спорттун түрлөрү боюнча машыгуугаларды өткөрүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий