Өзгөндө финансы кредиттик фонддун жетектөөчү адиси пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Өзгөндө мамлекеттик кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун тургуну Н.У. арыз менен кайрылып, райондун финансы кредиттик фонддунун өкүлү "А" аттуу кызматкер арыздануучунун атасынын алган насыясы тууралуу документтерди сот органдарына өткөрүп берем деп коркутуп, 30 миң сом пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө "А" аттуу мамлекеттик кызматкердин өздүгү такталып, ал Финансы министрлигинин алдындагы финансы кредиттик фонддун Өзгөн районундагы жетектөөчү адиси болуп иштеген 1959-жылы туулган А.А. экендиги аныкталган.

Ал 2-июлда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө 30 миң сом өлчөмдөгү акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда А.А. аттуу шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий