• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзгөндө "Цзинь-Лун" көмүр казуучу фирма калдыктарды төгүп, аккан суу булгоодо – жергиликтүү тургундар

Аймак 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Вице-спикер Аида Касымалиева Өзгөн районуна иш сапар менен барып, аймактагы бир катар айылдардын эли менен жолугушту.

Алгач Зергер айылынын тургундары менен жолугушкан төраганын орун басары Аида Касымалиева, элет элинин социалдык көйгөйлөрү менен таанышты.

Андан тышкары жергиликтүү тургундар көмүр казуучу "Цзинь-Лун" компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча нааразычылыктарын билдиришти. Алардын айтымында аталган компания казылып алынган кара алтындын калдыктарын суу жээгине төгүп койгондуктан, аккан суу булганып, адамдардын саламаттыгына коркунуч жаралууда.

Андыктан, маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн айыл тургундары, буга жол берген тиешелүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин кароону сунушташты. Кырдаалды өз көзөмөлүнө аларын айткан Аида Касымалиева, чагымчылдыкка алдырбастан, маселени мыйзам чегинде чечүүгө болорун белгиледи.

Ал эми “Цзинь-Лун” жоопкерчилиги чектелген компаниясынын өкүлү Өмүрбек Касымбеков кетирилген кемчиликтерди эске алуу аркылуу бир ай аралыгында калкты таза суу менен камсыздоо иши аткарылаарын убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий