Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында КамАЗ менен Honda Fit кагышты, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, кырсыктан 30 жаштагы Т.И., аттуу жаран жабыркаган.
Жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлери куткаруучулар келгенге чейин алып кетишкен, бирок ал ооруканага жетпей жолдо каза болуп калган.
Пикир
Оставить комментарий