Ɵзгɵндө саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Өзгөн шаарында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин аймактагы өкүлчү Элчибек Жантаев курулушту баштоо аземине катышты.

"Бул окуя тарыхый шаардагы тарыхый учур болуп жатат. Ушундай эле долбоор Кара-Сууда ийгиликтүү ишке ашырылып, Ноокатта башталып жатат. 3 шаарды толук кандуу шаар статусуна ылайыктап шарт түзүү менен келечекте башка район борборлорунда дагы канализация көйгөйлөрү чечилет", - деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, өкүл Өзгөн шаарында ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлордун, анын ичинде айланма жолдун, борбордук стадиондун, сейил багын жана Кара-Шоро жайлоосун, ошондой эле турак жай менен камсыздоо үчүн ипотекалык жаңы турак жай комплекстерин түзүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Ал бул долбоорлор жергиликтүү тургундардын жашоо-турмун гана жеңилдетпестен, инвестиция тартуу, аймактагы орто жана ири ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттар түзөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий