• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Өзгөндө шахтада Кытайдын үч жараны каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Оштун Өзгөн районунун Салам-Алик айылында 20-мартта “АБКЕ” ЖЧКсынын шахтасында Кытайдын үч жараны каза тапты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-мартта аталган ишкананын директору А.Тургунбаевден 20-мартта шахтада кырсык орун алганы тууралуу маалымат келген. Анда үч Кытайдын жараны каза тапканы айтылган.

Учурда кырсыкты иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий