Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жаңы алынган айыл чарба техникаларын аймактарга тапшыруу уланууда.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Ош облусунун Өзгөн районуна бөлүнгөн жаңы, заманбап атайын айыл чарба техникалары министрдин орун басары Алмаз Сокеевдин катышуусунда тапшырылды.
Эске салсак, жакында президент Садыр Жапаров министрликке жүздөн ашуун жаңы, заманбап атайын техникаларды жана Райондук агарардык өнүктүрүү башкармалыктарына 40 кызматтык унааны тапшырган.
Пикир
Оставить комментарий