• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Өзгөндө жаңы мектеп жана маданият үйү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы мектеп жана маданият үйү ачылды.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Чынберди Төлөнов катышты.

Тактап айтсак, Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл аймагындагы №90 Абылкасым Ташматов атындагы мектеп ачылды. Жаңы курулган мектеп башталгыч класстар үчүн салынып, 80 орунга ылайыкташкан.

Алгач сөз сүйлөгөн эл өкүлү аталган билим уясын тез арада бүтүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мөөнөтүнөн мурда курулушу аяктаганын белгиледи.

“Учурда аймактарда мектептер курулуп, билим тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Анын катарында Куршаб аймагындагы мектеп да жаңы ишке кирди. Бул жерде келечекте билимдүү балдар тарбияланып чыгышына терең ишенем”, - деп кошумчалады депутат.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы салынган мектептин курулушу менен таанышып, ошол эле учурда көп жыл эмгектенген мугалимдердин эмгегин баалап, Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Андан ары депутат Чынберди Төлөнов Өзгөндүн Куршаб айыл аймагындагы Тургунбай Абылкасымов атындагы маданият үйүнүн ачылышына катышып, мыкты маданият кызматкерине Жогорку Кенештин сыйлыктарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий