• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркаган 67 үй бүлөгө 10 күндүн ичинде жарык берилет

Аймак 0

Ош, 22-июнь /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов жана Улуттук холдингдин жетекчиси Айбек Калиев Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркагандар менен жолугушту. Бул тууралуу Ош облусунун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Сарыбашов премьер-министр жер көчкүдөн жабыркагандарды суу, электр энергиясы менен кыска убакытта камсыз кылуу тапшырмасын бергенин айтты. Ошондой эле, каржы тармагы толугу менен чечилгенин кошумчалады.

Анын айтымында, ал “Араван” цемент ишканасынын жетекчилери менен жабыркагандарга цементтин баасын төмөндөтүп берүүнү сүйлөшкөн. Ал эми цементти жеткирүү маселеси чечилген.

“Бизде мамлекет, өкмөт бар андыктан эч ким көңүл сыртында калбайт. Мындан тышкары жакынкы учурда комиссия тарабынан жабыркагандарга жардам катары элден чогулган каражаттар бөлүнө баштайт. Каражат ар бир жаранга тең бөлүнөт. Мындан улам сиздер эч коркпостон курулуш иштерин баштай берсеңиздер болот”,- деди ал.

Өз кезегинде Калиев 10 күндүн ичинде жабыркагандар электр энергиясы менен камсыз болот деп кошумчалады. Ал үчүн жаңы карагайлар орнотулуп, 4,5 кмге электр зымдары тартылат. Ошондой эле, жабыркагандарга жаңы эки трансформатор бөлүнүп берилди.

Учурда жер көчкүдөн жабыркаган 67 үй бүлө, кечкисин убактылуу жарыкты колдонушат. Алардын жарымынан көбү курулуш иштерин башташкан.

Пикир

Оставить комментарий