• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Өзгөндө жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Өзгөн районунда жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1962-жылы туулган У.Ы.Д. аталган айыл өкмөттүн азыркы юристи 1981-жылы туулган И.И.А. жана алардын шериги 1980-жылы туулган Н.М.М. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган.

Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы КР өкмөтүнүн токтому менен Өзгөн районундагы 22 га жер "айыл чарба багытында" категориясынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясына трансформацияланган. Мында мамлекетке келтирилген зыян 829 мдн 200 миң сомду түзөт.

Учурда УКМК тарабынан жогорудагы жер боюнча махинацияларга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий