• 87
  • 90.41
  • 0.84

ЖӨБ органдарынын 500дөн ашык кызматкери салыктык башкаруу маселелери боюнча окушту

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын кызматкерлери үчүн окутуу иш-чараларын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, окууга Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 500дөн ашык кызматкерлери катышты.

Иш-чаралардын жүрүшүндө Салык кызматынын адистери салыктык башкаруу маселелерин кеңири түшүндүрүп, салык саясатына жана анын региондорду өнүктүрүүгө тийгизген таасирлерине өзгөчө көңүл бурушту.

Башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкарууда башкаруунун жаңы стандарттарын киргизүү, инвестицияларды тартуу, суу ресурстарын башкаруу жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары тууралуу айтып беришти.

Катышуучулар кызыккан темалары боюнча суроолорду берип, керектүү түшүндүрмөлөр менен толук жоопторду алышты.

Окутуулар Кыргызстандагы административдик-аймактык реформанын алкагында жүргүзүлдү. Ал ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, калк менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга, ошондой эле алардын ишинде ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууга багытталган.

Мындай иш-чаралар кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, бийликке болгон ишенимди бекемдейт жана туруктуу, натыйжалуу жергиликтүү жамааттарды калыптандырууга шарттарды түзөт.

Ушундай иш-чараларды өлкөнүн башка региондорунда өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий