• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ЖӨБнын 1 миңге жакын кызматкери «Санарип аймак» системасы боюнча окуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын июнь, июль айларында өлкөнүн муниципалитеттеринин 966 кызматкери «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасы боюнча окуудан өтүштү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Санарип аймак» системасы КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.

Тренингдер Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги алдындагы Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги тарабынан Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

«Санарип аймак» системасын киргизүүнүн негизги максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун, кабыл алынуучу чечимдердин сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат алууда бюрократиялык жана кагаз убаракерчиликтериин жоюу болуп саналат.

«Санарип Аймак» бул - айыл өкмөтүнүн паспорту, чарбалык китептерди түзүү процессин автоматташтыруу, ички миграцияга мониторинг жүргүзүү, бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка которуу, актуалдуу маалыматтар жана автоматтык түрдө статистика, отчетторду түзүү.

Бүгүнкү күндө системада 1 649 562 жашоочулар, 488 миң 831 үй чарбасы боюнча каттоо жүргүзүлөн.

Пикир

Оставить комментарий