• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жөө күлүк Сардана Трофимова Олимпиадада марафондук жарышка катышат

Спорт 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Франциянын борбору Париж шаарында XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын башталышына саналуу гана күндөр калды. 26-июлдан 11-августка чейин боло турган Олимпиадада спорттун 45 түрү боюнча мелдештер өтөт. 11-августта Кыргызстандын атынан жеңил атлет Сардана Трофимова аялдар марафонунун жарышына катышат.

Олимпиада оюндарын утурлай теги якутиялык жөө күлүк 36 жаштагы Сардана Трофимова тууралуу кыскача маалымат сунушталат.

Өмүр баяны: Сардана Трофимова 1988-жылы 28-мартта Якутияда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү. Спортчу 2022-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Жеңил атлетика боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Спорттогу жетишкендиктери:

  • Азия оюндарынын коло медалынын ээси (Жакарта, 2018);
  • Марафон боюнча Россиянын беш жолку чемпиону;
  • Марафон боюнча Россиянын кубогунун жеңүүчүсү (2016);
  • Москва марафонунун жеңүүчүсү (2017, 2018, 2020);
  • Азия оюндарынын коло медалынын ээси (Ханчжоу, 2023);
  • Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча кыздар курамасы Азия чемпионатында жарым марафонду жеңип, 1-орунду ээлеген (С.Трофимова, Г.Сатарова, М.Коробицкая, А.Калил кызы. БАЭ, 2023);
  • Азия чемпионатында жеке эсеп боюнча 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган (БАЭ, 2023).

Жеке рекоддору:

  • 1500 м 4:46.65 (2010);
  • 3000 м 10:16.5 (2010);
  • 5000 м 17:17.28 (2012);
  • Жарым марафон: 1:17:46 (2013);
  • Марафон 2:24:38 (2014).

Пикир

Оставить комментарий