Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бүгүн Жаңы Зеландиянын түндүк бөлүгүндө очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Жер титирөөнүн очогу Парапарауму шаарынан 50 чакырым түндүк-батышты карай, 57 чакырым тереңдикте болгон", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн эмес.
Пикир
Оставить комментарий