• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жаңы жыл күнү жол инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Коом 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Жаңы жыл майрамы учурунда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, эл көп чогулган жерлерде, унаалардын кыймылы көп болгон көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тескөөчүлөрү жол тыгындарын жөнгө салышат.

Майрамдык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Чүй ОИИБнин кызматкерлерине саптык кароо өткөрүп, ИИМдин буйрук жана нускамаларын жеткирди.

Анда кызматкерлердин кийген формасынан тартып, кызматтык күбөлүгү, күнүмдүк кызматта колдонуучу шаймандарын жана кызматтык тартибин текшерүүгө алып, орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмаларды койду.

Ошондой эле Чүй районунун акимчилигинин өкүлдөрү жана Чүй ОИИБинин жетекчилигинин катышуусунда жалпы өздүк курамга жыйын өткөрүлүп, майрам күнү жогорку күчөтүлгөн тартипте жарандардын коопсуздугун камсыздап берүү менен сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү тапшырмалары берилди.
Мындан тышкары, өздүк курамдын арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо, коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу зарылчылыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий