Бишкек, 01.01.25. /Кабар/. Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтынан 1,5 тонна таштанды чыгарылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, таштандынын көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу бир кыйла аз. Былтыркы жаңы жылды майрамдоодон кийин мындан үч эсеге көп - 5 тонна таштанды чогултулган.
Аянтты тазалоого бул ирет "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 60 кызматкери жана 6 атайын техникасы тартылды.
Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтына 20 миңден ашуун шаар тургундары жана коноктору келишти.
Бишкек шаарынын мэриясы таштандыны жыйнап кеткен жарандарга тазалыкка кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.
Пикир
Оставить комментарий