Жаңы жыл жемиштүү болсун. Нурсултан Назарбаев кыргызстандыктарды куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Келе жаткан 2022-жыл менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сизге, үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга чың ден соолук, түгөнгүс энергия жана бакубатчылык каалайм. Жаңы жыл өлкөңүздүн элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтүү жана жемиштүү болсун», — деп айтылат куттуктоо катында.

Пикир

Оставить комментарий