• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

Жаңыланган гимн өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, прогрессти чагылдырышы керек – Касмамбетов

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 3-декабрда, мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселесине байланышкан кеңешмеге катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдер да катышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жаңы мамлекеттик гимн өлкөдөгү жаңыланууларга, жакшы өзгөрүүлөргө жана реформаларга ылайык жазылышы керектигин айтты.

“Кыргызстаныбыз азыр өнүгүү жолуна түшүп, бардык тармактарда алгылыктуу иштер аткарылууда. Мамлекетибиз үчүн маанилүү болгон ири долбоорлор ыкчам ишке ашып, калктын келечекке болгон ишеними артууда. Андыктан, жаңы багытыбызга, жаңы кадамыбызга шайкеш келген гимнди тандап алышыбыз керек”, – деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Жыйында жарандардан идеяларды чогултуп, талдоо жүргүзгөн атайын комиссия түзүү сунушу талкууланды. Кесипкөй акын, композитор же жөнөкөй жаран болобу, ар бир адам гимндин текстинин же обонунун өз вариантын сунуштай алышы үчүн коомчулуктун кеңири катышуусунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Катышуучулар улуттук сыймыктын символу боло турган Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталчу мыкты вариантты тандоо максатында бардык кызыкдар тараптарды тартуу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгын айтышты.

Маданият министри Алтынбек Максутов аталган маселе боюнча Жазуучулар жана Композиторлор союзу баштаган тиешелүү бирикмелер жана адистер менен атайын жыйындарды өткөрүп, мамлекеттик гимнди кабыл алууга байланышкан керектүү иштерди жүргүзөрүн билдирди.

Андан тышкары, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевге жаңы кабыл алына турган гимндин текстине - ал азыркы реалдуулукка жана улуттук артыкчылыктарга туура келишине өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары кеңири талкуулар уюштурулуп, сынактар өткөрүлүп, андагыларды эске алуу менен жаңы гимнди кабыл алуу зарыл деген оюн айтышты.

Пикир

Оставить комментарий