• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Светлана Аширова Жогорку соттун чечиминин аткарылбай жатканына нааразы болууда

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Узак соттук процесстерден кийин Жогорку соттун чечими аткарылбай жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын жаачылар федерациясынын вице-президенти Светлана Аширова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сот Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын автору катары таанымал Асхат Акибаевди материалдык чыгымды төлөп берүү керек деген чечимин чыгарган.

“Мен 2019-жылдын март айында Сауд Аравиядагы эл аралык иш-чарага барганда бутуман оор жаракат алгам. Андан бери канчалаган соттук процесстер болду. Жогорку сот Асхат Акибаевди материалдык чыгымды төлөп берсин деген чечимин чыгарган. Анда 1 млн сомго жакын сумма айтылган. Бирок дагы деле болсо, ал чечимди аткарбай жүрөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий