• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жаан-чачын күтүлбөйт – 18-октябрга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-октябрга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Талас облусунда +8…+13, Ош жана Жалал-Абад облустарында +15…+20, Баткен облусунда +14…+19 Ысык-Көл облусунда +7...+12, Нарын облусунда +6…+11 градус, ал эми Бишкекте +12…+14 градус жылуу болсо, Ош шаарында +17…+19 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий