• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жайыл районунда 375 га жер тилкеси мамлекеттин балансына алынды

Аймак 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Жайыл районунда 375 га жер тилкеси мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө "Дан" мамлекеттик ишканасына таандык Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан 375 га айыл чарба багытындагы жер 2005-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, андан ары жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө Башкы прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде жалпы баасы 134 млн 73 миң 600 сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекеттик баланска алынды.

Пикир

Оставить комментарий