• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Жайыл районунда 77 трансформатор оңдолуп, 441 темир бетон мамы жаңыланды

Аймак 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасынын Жайыл райондук электр тармагы келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу Чүй ЭТИнен билдиришти.

Анын алкагында Жайыл районунун энергетиктери 2024-жылга пландаштырылган иштердин алкагында 77 даана трансформатордук көмөк чордонду, 86 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүп, 449 даана трансформатордук көмөк чордонду, 382 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.

Реконструкция иштеринин алкагында райондо 1 даана трансформатордук көмөк чордон орнотулуп, 441 даана жыгач мамылары темир бетон мамыларга алмаштырылды. Күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери ноябрь айында аяктайт.

Белгиленгендей, аткарылып жаткан оңдоо иштери Жайыл районунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.

Электр тармактар ишканасы электр жабдууларын оңдоп-түзөө убагында эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурай турганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий