• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жайыл районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Жайыл районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-октябрда болжол менен саат 16:30 чамасында "Хундай-Соната" авто унаасынын айдоочусу, 1985-жылы туулган Б. Р. Б Калинин – Жон-Арык жолунун 4-чакырымында түндүктү көздөй бара жатып, рульга ээ боло албай, бакты сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза тапкан, дагы бир жүргүнчүсү Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий