Жайыл районунда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Жайыл районунда жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында Кара-Балта-Бишкек каттамдары боюнча жүргүнчү ташыган айдоочулар менен андын сырткары, Ош-Бишкек жолундагы Сосновка айылындагы тосмодон жана Суусамыр өрөөнүндө айдоочулар менен жолугушуулар болуп, транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Автоунаалардын дөңгөлөктөрүн мезгилге жараша алмаштырып, ылдамдык эрежелерин сактоо кырсыктарды алдын алууга өбөлгө болору эскертилди.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууларда малдарды жол жээктерине кароосуз калтыруу да жол кырсыктарына себепкер болорун айтышып, мал уурулуктун алдын алуу боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий