• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы жана жактоочу пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы жана жактоочу пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы ишенимдүү жактоочу аркылуу айыптоонун квалификациясын жеңилдетүүчү жагына өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн пара алгандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кылмыш ишинин фигурантынан 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган Ш.Н.Ж. аттуу жактоочу кармалган, ал алынган каражатты Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы О.Н.С.га кылмыш ишинин беренелерин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен адвокат КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен, прокурордун жардамчысы КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) менен айыпталган.

Учурда УКМК тарабынан аталган кылмышты жасоого башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий