Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Абактагылардын массалык ачкачылык акциясы башталганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирет.
Ведомстводон билдиришкендей, ЖАКтын мекемелери күнүмдүк тартипке ылайык кадимкидей иш алып барууда.
Белгиленгендей, социалдык тармактарда жана коомдук сайттарда 22-декабрга караган түнү Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде жана ТИЗОлорунда абактагылардын массалык ачкачылык акциясы башталганы тууралуу маалымат тараган.
Жазаларды аткаруу кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандарды жана соттолгон жана тергөөдө камалгандардын жакындарын расмий маалымат булактарына гана таянууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Ведомстводон кошумчалашкандай, видеодо соттолгондор текшерүүдөн кийин Кыргыз Республикасынын гимнин аткарып жатышат.
Пикир
Оставить комментарий