Жакында Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштайт — баасы

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Бишкек - 2 Борбордук вокзалынан 14-июндан баштап Бишкек — Балыкчы — Бишкек жүргүнчүлөрдү ташыган поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган каттам 14-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттаса, 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт.

Поезд Бишкек – 2 бекетинен саат 07:40 мүнөттө жөнөп, Балыкчы бекетине 11:46да жетет, Балыкчыдан кайра 18:12 де чыгып, Бишкек-2 бекетине саат 22:18де келет.

Поездде панорамалык терезе, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы бар жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар.

Балыкчы бекетине чейинки стандарттуу вагондордо бир жүргүнчүнүн жол кире акысы бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн 150 сом.

Олтурган жана түшкөн бекетине карабастан люкс вагонунда бир жүргүнчүнүн жол кире акысы, бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом, 10 жаштан ашкан жүргүнчүгө 500 сом.

VIP-вагондо бир жүргүнчү үчүн жол кире баасы, олтурган жана түшкөн бекетине карабастан, бир чоң жүргүнчүгө эсептелген өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 400 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 800 сом.

Кол жүгүн жеткирүү акысыз.

Билеттерди онлайн https://railway.kg сайтынан жана анын Android платформасындагы мобилдик тиркемесинен, ошондой эле Бишкек-2 вокзалынын кассаларынан жүргүнчүлөрдүн өздүгүн тастыктаган документтерин көрсөтүү менен жана поездде бардык ички жана эл аралык төлөм тутумдарынын накталай жана накталай эмес төлөөнүн бардык түрлөрүн колдонуу аркылуу сатып алууга болот.

Билеттер 8-июндан баштап сатыла баштайт. Толук маалыматты "Кыргыз теиир жолу" ишканасынын сайтынан, же (0312) 30-02-09, 92-68-54,92-68-40, 0 705 07-66-96 телефон номерлери аркылуу билүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий