• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Жакында борбор калаада "Билим Бишкек" борбору ачылат

Билим 0

Бишкек, 07.10.2024. /Кабар/. "Билим Бишкек" долбоорун ишке ашыруу үчүн реконструкциядан өтүп жаткан имарат окуучуларды кабыл алууга дээрлик даяр болуп калды. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн Кыргызпатенттин, ТИКА-Бишкек долбоорунун жана Кыргыз улуттук университетинин жетекчилери имараттын курулуш иштери менен таанышышты. Келгендер ушул жерден кечелектеги илимпоздор, ойлоп табуучулар тарбияланып чыгат деген ишенимдерин билдиришти.

“Билим Бишкек” долбоорунун ачылыш аземи 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенде өтөрү күтүлүүдө. Андан соң так илимдерге кызыккан балдарга бул борбор өз эшигин ачат.

"Бул жерде 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар мектептен кийин келип билимин өркүндөтүп, теориялык билимди турмушта колдонууга, ишке ашырууга жана билим алган жаштар эл аралык сынактарга катышып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга шарт түзүлөт", - дешет долбоордун өнөктөштөрү.

Пикир

Оставить комментарий