• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Жакында Кыргызстан менен Россиянын атайын кызматтарынын академиясына кабыл алуу башталат

Коом 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Жакында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясына кабыл алуу башталат.

КР атайын кызматынан билдиришкендей, кабыл алуу 2025-жылдын 27-январынан 27-февралына чейин ар бир шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу УКМК улуттук коопсуздук органдарынын кесипкөй кызматкерлерин даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга багытталган илимий-методикалык борбору бар жогорку аскердик окуу жайына өтүү үчүн зарыл талаптардын тизмесин жарыялайт.

Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

– 17 жаштан 21 жашка чейин;-

– бою 170 см жана андан жогору;

– салмагы кеминде 60 кг;

– толук орто билими жөнүндө аттестаттын же орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табелдин) орточо баллы 4,0 баллдан төмөн эмес;

– соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;

– чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу, анын ичинде жакын туугандарынын да;

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:

– медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү;

– дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;

– психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ тести);

– полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;

– кирүү экзамендерин тапшыруу.

Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  1. Бишкек шаарынан төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Профсоюз көч., үй-104 “А”, тел.: 0 (312) 30-73-86;
  • Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй;
  • Ош шаары жана Ош облусу боюнча, дарек: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
  • Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
  • Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
  • Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
  • Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
  • Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0 (3922) 5-11-80.

Кошумча маалыматтарды УКМКнын www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий